USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Аламүдүн районуна жаңы прокурор дайындалды

13:15, 26 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Аламүдүн районунун прокурору болуп Максат Камбаралиев дайындалды. Маалыматты 24.kg агенттигине Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Ушул убакка чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын борбордук аппаратында тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору болуп иштеген.

Эске сала кетсек, Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору Жамалбек Сатыбалдиев 19-мартта Бишкекте 2,5 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал соттолуучудан соттун оң чечими үчүн акча талап кылган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18