USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Нарын районундагы Кында ашуусу апрель айында ачылат

12:24, 26 марта 2025, Бишкек - 24.kg

«Ат-Башы-Кында-Торугарт» унаа жолунун 33-чакырымынан 100-чакырымына чейинки аралыкта кар көчкүлөрдү жана кар күрткүлөрүн тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишти районду тейлеген № 20 жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө. Тазалоо иштерине 1 автогрейдер жана 1 бульдозер тартылган. Учурда жолдун 66-чакырымында иштер уланып, 1-апрелге чейин жолду ачуу аракеттери көрүлүп, аба ырайынын катаалдыгына байланыштуу Ат-Башы-Кында-Торугарт жолундагы Кында ашуусу жыл сайын ноябрь айынан апрелге чейин жабылып келет.

Кинда ашуусу 3398 метр бийиктикте жайгашкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18