USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы көчөлөрдүн аталышын туура айтууга чакырды

12:38, 20 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу көчөлөрдүн аталышын туура айтуу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаабыздагы көчөлөргө белгилүү инсандардын ысымы ыйгарылганын мисал кылган төрага: «Бирок Ахунбаев көчөсүн көпчүлүгүбүз Ахунбаева, Токтогул көчөсүн Токтогула, Абдумомунов көчөсүн Абдумомунова, Токомбаев көчөсүн Токомбаева, Токтоналиев көчөсүн Токтоналиева, Масалиев көчөсүн Масалиева деп атайбыз. Бул туура эмес. Ар бир көчөнүн аталышын мамлекеттик тилде атап, Ахунбаев, Токтогул, Масалиев деп эле айтышыбыз керек», — деди.

Мындан тышкары төрага Министрлер кабинетине, айрыкча Бишкек шаарынын мэриясына көчөлөрдүн аталышын кыргызча жазуу тапшырмасын берди

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18