USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасына 332 окуучу катышат

12:30, 20 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасына 332 окуучу катышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда үчүнчү аймактык этап аяктап, ага 1964 окуучу катышкан. Анын ичинен 332 мектеп окуучусу эң жакшы көрсөткүчкө жетишип, республикалык олимпиадага катышат.

Эскерте кетсек, эми 4 этап (мектептик, райондук, облустук, республикалык) жүргүзүлөт. Балдар жалпы билим берүүчү 17 предмет боюнча жыйынтык көрсөтүшү керек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18