USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Нооруз майрамына карата милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

09:00, 20 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, ИИМдин борбордук аппаратына башкы башкармалыктын жетекчилиги тарабынан 21-март Нооруз майрамы учурунда коомдук коопсуздукту сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча саптык кароо өткөрүлдү.

Анда кызматкерлердин сырткы келбетин, алардын форма кийүү эрежелерин сакташын, кесиптик даярдыгы текшерилди.

Муну менен катар, өздүк курамды көзөмөлдөгөн кураторлорго эң биринчи тартип жана мыйзамдуулукту сактоону, кызмат учурунда жарандар менен сылык мамиледе болуу эскертилди.

Ал эми, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында окутуу-үйрөтүү иштерин жүргүзүүгө жана тажрыйбасы мол кызматкерлерден насаатчылыкты дайындоо тапшырмасы коюлуп, жалпы жол унаа кырсыктарын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18