USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте күн ачык жана жылуу болот. 17-20-мартка карата аба ырайы

10:33, 17 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте аптанын биринчи жарымында күн ачык болот. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.

Бүгүн, 17-мартта күн ачык болот. Түнкүсүн температура нөлдөн жогору — +3 градуска чейин. Күндүз +23 градуска чейин жылыйт.

Ошондой эле 18 жана 19-мартта жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 4 градуска чейин жылуу болсо, күндүз термометрдин көрсөткүчү +25 градуска чейин көтөрүлөрү күтүлүүдө.

20-мартта аба ырайы кескин өзгөрбөйт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18