USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүндөн тарта Ч.Айтматов проспектисинин бир бөлүгү оңдоп-түзөөгө жабылат

09:00, 17 марта 2025, Бишкек - 24.kg

17-марттан тарта Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисинин А.Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилей кетсек, Ч.Айтматов проспектиси/А.Масалиев проспектиси, Ч.Айтматов проспектиси/Семетей көчөсү кесилиштери унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Буга байланыштуу жогоруда аталган тилкеде эки автобустук каттамдын кыймылы өзгөрөт. № 8 жана № 55 автобустук каттамдардын кыймылы убактылуу Д.Садырбаев (Бах) көчөсүнө которулат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18