USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Туризм департаментине жаңы жетекчи дайындалды

16:29, 12 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Туризм департаментинин жамаатына жаңы директор Эрденет Касымовду тааныштырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Эрденет Касымов
Маалыматка ылайык, Касымов Эрденет Жыргалбекович 1993-жылы 21-октябрда туулган. 2015-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» адистиги боюнча бакалаврды аяктаган.

Иш тажрыйбасы:

2011-2013-жылдары А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык колледжинде — Студенттик кеңештин координатору.

2014-жылдын январынан апрелине чейин — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандыруу жана топтоо пенсиялык фонддорун өнүктүрүү бөлүмүндө стажировкадан өткөн.

2015-жылдын сентябрынан 2016-жылдын апрель айына чейин — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык көмөктөшүү департаментинин стажёру.

2016-жылдын апрелинен 2019-жылдын октябрына чейин — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам департаментинин мамлекеттик инвестициялар программалары бөлүмүнүн адиси- Эл аралык кызматташтык дирекциясынын эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу бөлүмү.

2019-жылдын ноябрь айынан 2022-жылдын сентябрына чейин — Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемеси МЖӨ долбоорлорун даярдоо бөлүмүнүн улук эксперти кызматында.

2022-жылдын октябрынан декабрь айына чейин — Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин алдындагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесинин МЖӨ долбоорлорун даярдоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу.

2023-жылдын январынан тартып — Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемеси МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү жана ишке ашыруу бөлүмүнүн улук эксперти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18