USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарында таза суу убактылуу өчүрүлөт

08:30, 06 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 6-мартта Бишкектин Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарында саат 9:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттерге ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Өчүрүү Ала-Тоо конушунун суу топтомосунда жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу», — деп айтылат маалыматта.

«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18