USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Үйгө марихуана катылган. Бишкекте баңги затын саткандар кармалды

14:42, 04 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте баңги затын жасап, саткан деп шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Баңгизат менен күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине Бишкек шаарында белгисиз адамдар баңги затын сатып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен иш козголду.

Баңгизат менен күрөшүүчүлөр жана атайын күчтөр шектүүлөрдүн үйүн басып алышкан. Алар эки адамды кармашкан: 36 жаштагы Д.А. жана 49 жаштагы Д.А., убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Үйдү тинтүү учурунда жалпы салмагы 5 килограмм 602 граммды түзгөн 50 мүшөк марихуана табылган. Баңгизаттар үйдүн бүт жерине — керебеттин астына, телевизордун артына, идиш-аяктардын арасына, жер төлөгө, жадакалса казанга катылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18