USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

2025-жылы жолдорду оңдоого 3 миллиард 165 миллион сом бөлүнгөн

13:31, 04 марта 2025, Бишкек - 24.kg

2025-жылы жолдорду оңдоого жана реконструкциялоого 3 миллиард 165 миллион сом каралган. Каражат жол фондунан алынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай тилкесин оңдоого 100 миллион сом өзүнчө бөлүнгөн.

Министрдин орун басары депутаттарга жол фондунун 2025-жылга бюджети 4 миллиард 440 миллион сом өлчөмүндө бекитилгенин айтты. Бул акчанын 1 миллиард 150 миллион сому жол куруу үчүн атайын техникаларды алууга жумшалат.

Жол фондун кармоо чыгашалары үчүн  24 миллиард сом өлчөмүндө  бекитилген

Жогорку Кеңеште жол фондунун катчылыгына кеткен чыгымдарын  республикалык бюджеттен каржылоо  боюнча мыйзам долбоору каралып  жатат. Жол фондун кармоонун чыгашалары үчүн  24 миллиард сом өлчөмүндө  бекитилген

Жогорку Кеңеште жол фондунун катчылыгына кеткен чыгымдарын  республикалык бюджеттен каржылоо  боюнча мыйзам долбоору каралып  жатат.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18