USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалы башталат

10:16, 04 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Европа футболунун негизги клубдук турниринин кийинки этабынын алгачкы беттештери 4 жана 5-мартта өтөт. Бул тууралуу Европалык футбол ассоциациялар союзунун(УЕФА) расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Европа футболунун негизги клубдук турниринин 1/8 финалынын алгачкы беттештери 4 жана 5-мартта өтөт.

Биринчи күнү төмөнкү командалар беттешет: «Клуб Брюгге» (Бельгия) — «Астон Вилла» (Англия), «Боруссия» (Германия, Дортмунд) — «Лилль» (Франция), ПСВ (Нидерланд) — «Арсенал» (Англия), «Реал» (Испания) — «Атлетико» (Испания).

5-мартта «Фейеноорд» (Нидерланд) «Интер» (Италия), «Бавария» (Германия) «Байер» (Германия), «Бенфика» (Португалия) «Барселона» (Испания), ПСЖ (Франция) «Ливерпуль» (Англия) менен ойнойт.

Жооптук беттештер 11 жана 12-мартта өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18