USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны азайууда

17:24, 03 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 24-февралдан 2-мартка чейинки бир жумада курч респиратордук вирустук инфекциялардын 9818 учуру жана сасык тумоонун 58 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине шилтеме берүү менен билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, оорунун көрсөткүчү өткөн жумага салыштырмалуу 2,6 пайызга азайган. Дарыланууга кайрылгандардын 5,6 пайызы же 557 учур ооруканага жаткырылган.

Акыркы жумада COVID-19 инфекциясы катталган жок.

Бишкек, Ош жана Токмак шаарларында катуу кармаган респиратордук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү улантылууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18