USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Каракол-Эңилчек унаа жолунда бир тараптуу каттам ачылды

17:10, 03 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Каракол-Эңилчек унаа жолуна Чоң-Ашуу ашуусунда түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам баштады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта № 11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө. Көчкүнүн көлөмү болжол менен 15 000 м3 түзөт.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен саат 07:00дор чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18