USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргыз балбандары Албаниядагы турнирде алтын, эки күмүш жана бир коло байге утту

10:37, 03 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Албанияда күрөш боюнча рейтингдик турнир уланууда. Бул тууралуу United World Wrestling сайтында маалымдалды.

Бир күн мурун кыргызстандык балбандар бир алтын, эки күмүш жана коло байгеге ээ болушкан.

Раззак Бейшекеев (67 килограммга чейин) молдовалык Валентин Петикти жеңип, алтын медаль тагынды.

76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы финалда АКШдан келген атаандашы Даймонд Гилфордго 1:2 эсебинде утулуп, күмүш медаль тагынды.

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Дөөлөтбек Чойбеков (63 килограммга чейин) финалда түркиялык Керем Камалга жеңилип, күмүш медаль тагынды.

Ушул эле салмакта Баяман Апилов үчүнчү орунду ээледи.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18