USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

28-февралда күтүлгөн аба ырайы

19:06, 27 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Эртең, 28-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн −2...-7°, күндүз 0...+5°

Таласта түнкүсүн −9...-11°, күндүз 0...-2°

Баткенде түнкүсүн −2... −4°, күндүз +3...+5°

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-2 °, күндүз +5...+7 °C.

Ысык-Көлдө түнкүсүн −1...-6°, күндүз +2...+7°

Нарында түнкүсүн −8...-10°, күндүз +1...+3°

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн −2...-4°, күндүз +4...+6° болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18