USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ош облусунда акимдин орун басарларына кызматтык унаалар тапшырылды

18:08, 27 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Ош облусунда жети акимдин орун басары кызматтык унаа алышты. Бул тууралуу облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус жетекчиси Элчибек Жантаев өкмөттүн аппаратынын кызматкерлерине жана райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарларына 14 кызматтык автоунаа тапшырды. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына 1 автобус берилди.

Белгилей кетсек, райондорго берилген Chevrolet Tracker жана Chevrolet CobaIt үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар жана 1 даана автобус 2025-жылы чыгарылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18