USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Камактагылардын тамак-ашы, тамекиси алынууда. Башкы прокуратура иликтейт

16:21, 26 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сейд Атамбаев No19 колонияда соттолгондор тамак-аш, тамекилерин алып жаткандарын айтып, кат жазышканын билдирди.

Парламентарий белгилегендей, мыйзамга ылайык, соттолгондор министрлер кабинети тарабынан аныкталган нормаларга ылайык ден соолугун жана күч-кубатын сактоого жетиштүү тамак-аш менен камсыздалат. Аларга тамак-аш жана эң керектүү товарларды накталай акчасыз сатып алуу укугу берилет.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева эл өкүлүнө бул каттарды берүүнү суранып, Башкы прокурор арыздар боюнча текшерүү жүргүзөөрүн убадалады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18