USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда Жеңиштин 80 жылдыгына арналган тарыхый сериал тартылат

12:35, 26 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган тарыхый сериал тартылат. Маданият министрлигине караштуу «Кыргызсериал» чыгармачылык өндүрүштүк бирикмеси көркөм фильмдердин сериясын тартууга тийиштүү тендер жарыялады. Тиркеме мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.

Сериалды чыгарууга 40 миллион сом каралган. Сюжет фашисттик баскынчыларга каршы боштондук күрөшкө катышкан кыргызстандык жоокер аялдардын эрдиктерин чагылдырат. Тасма сегиз сериядан турат. Алардын ар биринин узактыгы 45–50 минутаны түзөт.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү — 2025-жылдын 5-мартта аяктайт. Долбоорду 19-ноябрда бүткөрүү пландалууда.

Серияны чыгаруу үчүн тендердин жеңүүчүсү жооп берет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18