USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук жана ысык суу болбойт. Даректери

09:26, 25 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 25-февралда Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук жана ысык суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында 25-февралда саат 09:00дөн 16:00гө чейин Ахунбаев көчөсү 187 дарегиндеги турак үйдүн жер төлөлөрүндөгү эски түтүктөрдү пландуу алмаштыруу иштерине байланыштуу жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу өчүрүлөт.

Чектөө төмөнкү даректерге таасирин тийгизет:

Шота Руставели көч., 97, 99, 101;

Ахунбаев көч., 187, 187А, 189, 189а;

Жунусалиев көч., 72

Белгилей кетсек, оңдоо иштерин кыш мезгилинде да жүргүзүп келебиз, себеби жылуулук берилип жаткан мезгилде жасалуучу участоктор аныкталат .

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18