USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт

18:26, 20 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

25-26-февраль күндөрү Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы спорт комплексинде грек-рим күрөшү боюнча жаштар (U-20) арасында Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө «Тайманбас» олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97, 130 кг салмак категорияларында күч сынашат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18