USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ош мэриясы тротуарды басып алган ЖОЖдордун тосмолорун буздуруп жатат

17:21, 20 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 20-февралда Ош шаарындагы Исанов көчөсүндөгү университеттин тротуардагы тосмолорун бузууга киришти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жерде бир катар унаа батчудай кошумча жол, тротуарлар курулуп, аны менен бирге жашыл аймактар түзүлүп, ирригациялык тармактар орнотулат.

Муниципалитет бул иш-чаралар жарандардын жолду кеңейтүү жана уруксатсыз унаа токтотуучу жайларга каршы күрөшүү боюнча көптөгөн кайрылууларынан кийин башталганын белгилейт.

 

Эске салсак, буга чейин түштүк борбордун мэри Жеңишбек Токторбаев да ЖОЖдордун ректорлору менен жолугуп, жолду кеңейтүү үчүн окуу жайлардын тосмолорун 10 метр артка жылдырууну талап кылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18