USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Өлкөдө үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча беш жылдык план киргизилет

09:17, 19 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча беш жылдык план киргизилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Бакыт Тодогелдиев Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, буга үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү жана жабырлануучуларды колдоо кирет. Планда аны алдын алуу чаралары да камтылган.

Бакыт Тодогелдиев зомбулуктун ар кандай түрлөрүн алдын алуу боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы колдонуларын кошумчалады. Ал оң натыйжалар дароо эле байкала бербестигин моюнга алды, бирок мындай иштер аны камсыз кылары шексиз.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18