USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева мандатын тапшырды

15:10, 18 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева мандатын тапшырды. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-февралдагы жыйынында ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызды карайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 24.kg басылмасына билдиргендей, эл депутатынын бош калган мандаты «Ата Журт Кыргызстан» партиясынан тизме боюнча кийинки талапкер Гүлсүнкан Жунушалиевага өтөт.

Айрым маалыматтарга караганда, Гүлшаркан Култаева мамлекеттик кызматка өтүп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18