USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Каржы министрлиги 26 миллион сомго принтер сатып алат

13:14, 14 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаментине караштуу «Сатып алуу борбору» мамлекеттик мекемеси 26 миллион сомго принтер сатып алат. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.

Сатып алуу квалификациялык талаптар менен котировкаларга суроо-талап форматында жүргүзүлөт. Сунуштарды баалоо стандарттык жол-жобо боюнча жүргүзүлөт.

Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 18-февралы. Сунуштар 45 күн бою күчүндө болот.

Арызда сатылып жаткан жабдыктар 100дөн ашык мамлекеттик мекемелерге арналганы айтылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18