USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

ЖК Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымын кызматтан алууга макулдук берди

16:31, 13 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеш Нуржан Шайлдабекованы Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы кызматынан бошотууга макулдук берди.

Эске салсак, Нуржан Шайлдабекова 2025-жылдын 10-февралында өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Ал 2016-жылдын июнь айынан бери Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеп келген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн чечими менен Нуржан Шайлдабекованын ордуна Тынчтык Шайназаров дайындалды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18