USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте джиу-джитсу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

09:00, 13 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

22-февраль күнү Бишкек шаарындагы № 29 гимназиянын спорт комплексинде джиу-джитсу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

U-14 ( 2012-2013-жылы туулгандар): 32, 36, 40, 44, 48, 52, 56, 62, 69, +69 кг;

U-16 (2010-2011-жылы туулгандар): 40, 44, 48, 52, 56, 62, 69, 77, +77 кг;

U-18 (2008-2009-жылы туулгандар): 48, 52, 56, 62, 69, 77, 85, +85 кг;

U-21 (2005-2007-жылы туулгандар): 56, 62, 69, 77, 85, 94, +94 кг;

Арадагерлер арасында (35 жаштан өйдө): 56, 62, 69, 77, 85, 94, +94 кг;

Эркектер арасында: 56, 62, 69, 77, 85, 94, +94 кг;

Кыз-келиндер арасында: 45,48, 52, 57, 63, 70, +70 кг.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18