USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги түзүлдү

17:03, 11 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин базасында Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги түзүлдү. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

«Дене тарбия жана спорт боюнча көз карандысыз мамлекеттик органды түзүү каралып жаткан тармакты натыйжалуу өнүктүрүү үчүн ыйгарым укуктарды жана ресурстарды топтоштурууга, программалардын үзгүлтүксүздүгүн, спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле аталган чөйрөдө өлкөнүн кызыкчылыктарынын эл аралык деңгээлде туура өкүлчүлүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет», — деп айтылат документте.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18