USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда камсыздандыруу боюнча ислам принциптери пайда болот

12:31, 11 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан «Такафул» исламдык камсыздандыруу принцибин киргизүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу «Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угууда Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Марат Пирназаров билдирди.

Анын айтымында, мындай кызматтарга калк арасында суроо-талап бар болгондуктан жасалып жатат.

Белгилей кетсек, салттуу камсыздандыруу пайыздарды эсептөө концепциясына жана практикасына негизделген. Исламдык камсыздандырууда катышуучулардын салымдарынын бир бөлүгү кайрымдуулук катары каралат. Ошондуктан «Такафулдагы» камсыздандыруучулар катышуучулар деп аталат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18