USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чолпон-Ата шаарында цех күйүп кетти

10:29, 11 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Чолпон-Ата шаарында цех күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт таңкы саат 5:00 чамасында чыккан. Өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүү бригадасы тартылган. Саат 7.45те өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 70 чарчы метр цех, массаж бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн.

Жабыркагандар болгон жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18