USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандык мушкерлер Испанияда өткөн эл аралык турнирде 4 медаль жеңди

18:31, 10 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү «Boxam» эл аралык мелдешинде 4 медаль (1 алтын 1 күмүш, 2 коло) жеңди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, 67 кг чейинки Ихтияр Нишанов алтын медалга ээ болду. Ошондой эле 57 кг чейинки салмакта катышкан Ислам Төрөбаев күмүш медалга жана Санжай Сейдакматов (54 кг) жана Нурадин Рустамбек уулу (75 кг) коло медалга татыды.

Эске салсак, улуттук курам башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18