USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Өлкөдө бир жумада 10 миңден ашуун КРВИ жана сасык тумоого чалдыккандар катталды

16:07, 10 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 2025-жылдын 3-февралынан 9-февралына чейинки бир жумада курч респиратордук вирустук инфекциялардын 10 миң 407 учуру жана сасык тумоонун 30 учуру катталды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, оорунун көрсөткүчү өткөн жумага салыштырмалуу 0,9 пайызга азайган. 3,9 пайызы же 407 учур ооруканага жаткырылган.

Республикалык ооруга чалдыгуу көрсөткүчүнүн ашуусу Ош шаарында 1,9 эсеге, Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда 1,7 эсеге, Чүй облусунда 1,3 эсеге көбөйгөн.

Сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг уланууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18