USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Кытайдын Харбин шаарында IX кышкы Азия оюндары ачылат

08:30, 07 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 7-февралда IX кышкы Азия оюндарынын ачылышы Кытайдын Харбин шаарында өтөт.

Кышкы оюндарга Кыргызстандын атынан 53 спортчудан турган команда катышып, алар спорттун беш түрү: биатлон, тоо лыжа тебүү, көркөм муз тебүү, хоккей жана керлинг боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Мелдеште 64 медаль комплекти 11 программанын түрү боюнча ойнотулат — коньки тебүү, фристайл, шорт-трек, лыжа жарыш, сноуборд, биатлон, көркөм муз тебүү, тоо лыжасы (лыжа менен альпинизм), керлинг, тоо лыжасы (эңкейиш) жана хоккей.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18