USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ош онкология борборунун директору сынактан кийин дайындалат

14:12, 06 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Ош облустар аралык онкология борборунун директору кадрдык резервди сынактык тандоодон кийин дайындалат. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомство ооруканада директордун милдетин аткаруучу Денис Касымов бар экенин белгиледи.

Министрлик сынактын мөөнөтүн тактаган жок.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов аталган медициналык мекеменин жетекчисин дайындоо талабын койгон. Анын айтымында, «имарат суук, дары-дармек жетишсиз, эл кыйналып жатат».

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18