USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Азия оюндары. Кёрлинг боюнча кыргыз курамасынын бир жеңиш жана эки жеңилүүсү бар

15:48, 05 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Кытайда өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын керлинг боюнча курама командасы үч беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Оюндардын сайтында маалымдалды.

Аралаш жуптар боюнча мелдештин тайпалык баскычында Исхак Абыкеев менен Керемет Асанбаева Катарды (8:6) жеңип, Кытай (3:8) менен Филиппинге (2:10) утулуп калды.

Эртең, 6-февралда Кыргыз курама командасы Казакстан жана Корея курамалары менен дагы эки беттеш өткөрөт.

Эске салсак, IX Кышкы Азия оюндары Кытайда 7-14-февраль аралыгында өтөт. Кыргызстандын курама командасы биатлон, тоо лыжасы, көркөм муз тебүү, хоккей жана керлинг боюнча мелдештерге катышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18