USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Орусиядан Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү бир жылда 12 пайызга өстү

10:23, 03 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Орусиядан Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү жыл ичинде 12 пайызга өстү. Бул тууралуу «РБК» басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына акча которуулардын көлөмү дээрлик 2,6 миллиард долларга жеткени айтылат.

«Кыргызстан Казакстан, Грузия, Армения жана Азербайжандан Орусияда эмгек мигранттарынын кыйла көп болушу менен айырмаланат», — дейт басылма.

«Россия Федерациясынан келген трансферттер өлкөгө чет өлкөдөн келген трансферттердин дээрлик бардык көлөмүн түзөт. Кыргыз Республикасынын Борбордук банкы акча которуу системаларын, мобилдик банкинг тиркемелерин жана электрондук капчыктарды колдонуу менен ишке ашырылган транзакциялар боюнча маалыматтарды берет», — деп белгилешет эксперттер.

Ошол эле учурда Орусиядан Казакстанга өткөн жылы акча которуулардын көлөмү 132,8 миллион долларды же 61,8 миллиард теңгени түздү. 2024-жылы долларда көрсөткүч 44 пайызга, теңгеде 43 пайызга төмөндөгөн.

Өткөн жылы Орусиядан Грузияга акча которуу системалары аркылуу 541,2 миллион доллар жөнөтүлгөн, бул 1,5 миллиард доллар жөнөтүлгөн 2023-жылдагы көрсөткүчтөн 65 пайызга аз.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18