USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

1-февралга карата аба ырайы

18:14, 31 января 2025, Бишкек - 24.kg

1-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Кээ бир жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −9...-14, күндүз −1...+4

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −9...-14, күндүз −2...+3

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −3...-8, күндүз 2...7

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −5...-10, күндүз −3...+2

Нарын облусунда түнкүсүн −10...-15, күндүз −5...-10 градус суук болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн −9...-11° суук, күндүз 0...2° болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18