USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте 90 миң куту жасалма «Орбит» сагызы жок кылынды

12:50, 31 января 2025, Бишкек - 24.kg

Салык кызматынын кызматкерлери 90 миң куту жасалма «Орбит» сагызын жок кылышты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.

Маалыматка ылайык, жок кылуу процесси ведомстволор аралык комиссиянын жана товардык белгинин ээсинин өкүлүнүн катышуусунда өттү.

Буга чейин Бишкектеги базарлардын биринде конфискацияланган контрафакттык продукция соттун чечимине ылайык борбор калаага жакын жердеги таштанды таштоочу жайда атайын мешке (иннератор) күйгүзүлгөн.

Салык кызматы Кыргызстандын аймагында эсепке алынбаган товарларды аныктоо жана жок кылуу боюнча ишин улантат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18