USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстан менен Өзбекстан соттолгон жарандарын алмашат

15:39, 30 января 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан менен Өзбекстан соттолгон жарандарын бири-бирине өткөрүп беришет. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда кабыл алды.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева депутаттарга Өзбекстан Республикасында Кыргыз Республикасынын 42 жараны, Кыргызстанда Өзбекстандын 97 жараны жазасын өтөп жатканын маалымдады.

Бул жарандардын баары өз өлкөсүндө жазасын өтөй беришет. Өлкөлөр ортосундагы соттолгон жарандарды өткөрүп берүү боюнча келишим 2024-жылдын 18-июлунда Ташкентте түзүлгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18