USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

30-январга карата аба ырайы

18:09, 29 января 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 30-январда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −3...-8, күндүз −3...+2;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −5...-10, күндүз −4...+1;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −1...-6, күндүз −1...+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −2...-7, күндүз −1...+4;

Нарын облусунда түнкүсүн −12...-17, күндуз −4...-9.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн −3...-5°, күндүз 0...2° болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18