USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурмахаммат Баяхунов дүйнө салды

10:07, 29 января 2025, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурмахаммат Баяхунов чын дүйнө салды. Маалыматты Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан тастыкташты.

Ал КСДПдан бешинчи чакырылыштын депутаты болуп шайланып, 2016-жылы күзүндө депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен тапшырган Мээрбек Мисканбаевдин ордуна парламентке келген. Бирок 2017-жылдын 31-январында депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазып, мандатын тапшырган.

Буга чейин Нурмахаммат Баяхунов Новопокровский айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. Ал 60 жашта эле.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18