USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкек мэриясы Биринчи Май районундагы канча көчө оңдолоорун айтты

13:19, 28 января 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкектин борборунда 28 көчө жана 7 тротуар оңдолот. Бул тууралуу Биринчи май районунун акиминин орун басары Медет Кубатбеков борбор калаанын шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Ленин көчөсүндөгү жана Мурас-Ордо конушундагы көпүрөлөр да оңдолот.

«Жалпысынан оңдоо иштери пландалган жолдордун узундугу 16 миң 446 метрди, аянты 125 миң чарчы метрди түзөт», — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18