USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектеги зоопарктагы өрттөн алты маймыл жана бир кенгуру өлдү

12:10, 28 января 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги зоопарктардын биринде өрт чыгып, анын кесепетинен жаныбарлар өлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Өрт бүгүн, 28-январда таңга маал борбор калаанын Октябрь районундагы реабилитациялык зоопарктын аймагында болгон. Өрттүн кесепетинен жыгач менен капталган 10 чарчы метр тосмо күйгөн. Саат 8:05те өрт толугу менен өчүрүлгөн. Натыйжада 7 жаныбар (6 маймыл, 1 кенгуру) өлдү.

«Өрт боюнча иликтөө иштери жүрүп, себеби такталууда», — деп кошумчалады КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18