USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Манас» эл аралык аэропорту ААКсы атын өзгөрттү

18:12, 27 января 2025, Бишкек - 24.kg

«Манас эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому расмий түрдө «Кыргызстандын аэропорттору» ААК болуп өзгөртүлдү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн башкы эл аралык аэропорту «Манас» аталышын сактап калат.

Өзгөртүү акционердик коомдорго гана тиешелүү. Компаниянын маалыматы боюнча, бул демилге өлкөнүн бардык аэропортторун бирдиктүү бренддин астында бириктирүү жана өнүктүрүүнүн стратегиялык багытын чагылдырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18