USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда соода жүгүртүү 846,4 млн долларды түздү

10:25, 27 января 2025, Бишкек - 24.kg

2024-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 846,4 миллион долларды түзгөн. Бул маалыматтарды Өзбекстан Республикасынын Статистика агенттиги келтирет.

Экспорт 513,3 миллион доллар, импорт 333,1 миллион доллар деңгээлинде белгиленген.

Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматы боюнча, жалпысынан Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр Өзбекстан менен аталган мезгилде сооданы көбөйткөн.

Өзбекстан Республикасынын ассоциация мамлекеттери менен тышкы соода жүгүртүүсү 17,5 миллиард долларды түздү. Экспорт 5,8 миллиард долларды түзсө, импорт 11,7 миллиард долларды түздү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18