USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Башкы прокуратура жеке адамдарга мыйзамсыз берилген жер тилкелерин аныктады

20:26, 24 января 2025, Бишкек - 24.kg

Талас облусунун прокуратурасы тарабынан жеке адамдардын жер тилкелерине мыйзамсыз ээлик кылуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Райондук прокуратуралар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында Айтматов районунун Чолпонбаев айыл өкмөтүндөгү 9,4 га жер тилкелери жана Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнөн 300 чарчы метр, жалпы баасы 10 миллион 893 миң сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылган.

Учурда тиешелүү кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18