USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Соцфонддун 2025-жылга бюджетин президент бекитти: пенсияга канча каражат бөлүнөт

15:36, 17 января 2025, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Социалдык фондунун 2025-жылга бюджетин бекитүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Документке ылайык, фонддун кирешеси 120,5 миллиард сомду, чыгашасы 120,4 миллиард сомду түзөт.

Социалдык фонддун бюджетинин профицити 66,6 млн сомду түзөрү күтүлүүдө. Республикалык бюджеттен пенсиялык каражаттарды төлөөгө 43,7 миллиард сом бөлүнөт.

Мында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун (ММКФ) быйылкы жылга каржылоо 5,4 млрд сомду, ал эми Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна 670,7 млн.

2024-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстанда пенсиянын минималдуу өлчөмү 6,9 миң сомду түзөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18