USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Талас районунда ГЭС жана суу сактагыч куруу үчүн жер бөлүндү

14:08, 17 января 2025, Бишкек - 24.kg

Талас районунда ГЭС жана суу сактагыч куруу үчүн 43 гектардан ашык жер трансформацияланган. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, 43,15 гектар жер «запастагы жер» категориясынан «өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулду. Жерлер Шумкар-Уя жана Чоң-Алыш айыл аймактарынын аймагында жайгашкан.

Суу сактагычты куруу үчүн Шумкар-Уя аймагынан 1,65 гектар жер, ал эми жергиликтүү ГЭСти курууга 2,6 гектар жер бөлүнүп, суу түтүктөрүн орнотууга 1,3 гектар аянт бөлүнгөн.

Чоң-Алышта суу сактагычка 3,7 гектар, түтүктөрдү төшөө үчүн 31,8 гектар жер белгиленген.

Жергиликтүү бийлик органдарына жердин документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү, участоктордун максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу, ошондой эле шаар куруу документтерин иштеп чыгуу жана аймакты сейсмикалык зыяндан коргоо боюнча иш-чараларды кароо тапшырылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18