USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Сүлүктү шаарында шахта кулап, уран астында калган кен казуучу куткарылды

10:11, 17 января 2025, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахта кулап, кен казуучу уран астында калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, окуя болгон жерге тез арада жети куткаруучу жөнөтүлүп, саат 19:25те дагы алты куткаруучу тартылган.

«Куткаруучулардын ыкчам аракетинин аркасында шахтер аман-эсен чыгарылды. Ал тез жардам бригадасына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Шахтада иштеген жумушчунун абалы туруктуу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18