USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте үч кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты

11:13, 14 января 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте үч кабаттуу турак үй күйүп жатат. Бул тууралуу 24.kg басылмасына окурман кабарлап, окуя болгон жерден видео жөнөткөн.

Өрт бүгүн, 14-январда саат 9:00 чамасында Жибек Жолу проспектиси менен Үмөталиев көчөсүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринде болгон.

Окуянын күбөсү 24.kg басылмасына билдиргендей, өрт учурунда адамдар үйдөн буюмдары жана чемодандары менен качып кетишкен. ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бригадасы жана бир өрт тепкич тартылып жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18